www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-декабрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Ош облусунун Ноокат районунда шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктын жаңы 3 кабаттуу административдик имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана тармактын кызматкерлери катышты.

Министр өз сөзүндө жаңы имарат шаар куруу тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошорун белгилеп, заманбап техникалар менен жабдылган шарттар жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Ошондой эле, кызматкерлерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, инфраструктураны модернизациялоо министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында тармактын мыкты кызматкерлерине Министрликтин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Жаңы административдик имараттын курулушу 2025-жылы башталып, алты айдын ичинде аяктады. Имараттын жалпы аянты 960 чарчы метрди түзөт. Имарат заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттары жана жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.

Белгилей кетсек, башкармалыктын мурунку имараты 1957-жылы ашар жолу менен курулуп, жалпы аянты 330 чарчы метрди түзгөн. Ал ылай сокмодон тургузулуп, пайдубалы таштан куюлган.

Последние новости