www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл республика боюнча акыркы коңгуроо салтанаты билим берүү мекемелеринде 2022-жылдын 9-июнунда саат 9:00до өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроо салтанатын уюштуруу жана өткөрүүдө окуучулардан жана алардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынат. Ошондой эле бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга тыюу салынат.

Окуучулар жана алардын ата-энелери акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча жол-жоболор менен таанышуусу кажет.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун сактоону камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости