www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

"Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот", - деп айтылат маалыматта.

Бул жылы Билим берүү жана илим министрлиги башка министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте мектеп окуучулардын бирдиктүү формасы жөнүндө чечим кабыл алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости