www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга өткөнү жакшы, алтын өндүрүүдөн пайда болгон бардык төлөмдөр эми кыргыз казынасына түшөт, бирок жалпы иштер боюнча толук ачыктык камсыздала элек, коррупциялык иштер дагы толугу менен жоюлду деп айтуу кыйын. Мындай пикирин Кумтөр боюнча эки китеп жазган Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
--"Конституция боюнча жер байлыгы мамлекетке, элге таандык деп турат. Аны бирөө өзү билгендей ээлеп, өз каалагандай калчаганга акысы жок. Чет элдик инвестор болсо дагы биздин мыйзам боюнча алар отчёт берип турушу керек. Өкмөт контролдогонго, текшергенге, ал гана эмес чара көрүп туруп, улутташтырып алганга да акысы бар.
Кыргызстан эл аралык экономикалык хартиянын мүчөсү. Буга дүйнөдөгү өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан көптөгөн өлкөлөр мүчө. Мына ушул экономикалык хартияда дагы жогоруда айткандар жазылган. Эми бул намыс үчүн, тарых үчүн Кыргызстанга алынганын жакшы деп эсептейм. Эң өкүнүчтүүсү кеч алып калдык. Айрымдар айтып жатышат, улутташтырып алдык деп. Бул жерде улутташтыруу болгон жок, анын жол-жобосу башка", - дейт Кубанычбек Исабеков.
Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:
Булак: NazarNews.kg