www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Запорожье АЭСи украин аскерлеринин кезектеги аткылоосунан кийин штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Запорожье облусунун администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов билдирди.

Ишемби күнү Украинанын Куралдуу күчтөрү кайрадан Энергодар шаарын жана Запорожье атомдук электр станциясын аткылашкан. Запорожье ТЭЦине да кол салуу болду. Жанаша жайгашкан аймакка тогуз артиллериялык сокку урулган.

"Снаряддардын бир бөлүгү ТЭЦ менен АЭСтин ортосуна, бир бөлүгү ТЭЦке түшкөн. Атомдук электр станциянын өзү жабыркаган эмес, азыр штаттык режимде иштеп жатат. Орусия армиясынын абадан коргонуу күчтөрү аталган объектилерди коргоп калды", — деди Рогов.

Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.

Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станция болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости