www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бала бакчалар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана жергиликтүү бийликтин уруксаты менен иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, июнь айында Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте бала бакчалардын ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында буйрук чыгарган. Бирок кийин өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетип, баары жабылган."Жергиликтүү бийлик жана аймактык санэпидборборлордун уруксатын алган бала бакчалар иштей берет. Тагыраагы, ошол аймактагы кырдаалга жараша ачылат. Бирок алар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин алгоритмин, талаптарын аткарууга милдеттүү", — деп жазылат маалыматта.