www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы министрлиги депутаттардын быйыл Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 1 миллиард долларга өстү деп айтканы чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын аягында тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукцияга (ИДП) карата 45,5 пайызга азайган. Бирок быйылкы пандемия учурундагы кризиске байланыштуу тышкы карыз ИДПга карата 56,2 пайызга өскөн.

"Мамлекеттик карыз 1 миллиард долларга көбөйгөн жок. Анткени сырттан жардам катары 337 миллион доллар келип түшкөн. Анын 269 миллиону насыя түрүндө", — дешти министрликтен.

31-июлга карата мамлекеттин тышкы карызы 4 миллиард 169 миллион долларды түздү. Министрликтин божомолу боюнча карыз жыл аягына чейин дагы 154 миллионго көбөйөт.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости