www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Россиядан келген оор жүк ташуучу унаада келген депуттын иниси обсервация эрежесин бузуп, кичи мекенине кетип калганы айтылган. Кийинчерээк ал Жогорку Кеңештеги эл өкүлү Нурбек Тотоновдун иниси экени аныкталган. Бул тууралуу бүгүн,, 19-майда саламаттыкты сактоо министрини орун басары Нурболот Үсөнбаев депутаттын иниси илдетке чалдыгып калганын тастыктап, ооруканада жатканын маалымдаган.

Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттиги Тотоновго байланышканыбызда ал төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

"Иним Айбек учурда Жалал-Абад шаарында обсервацияда жатат.  Тилекке каршы, анализдеринин жыйынтыгында вирус бар деп чыгып калыптыр. Чынын айтайын, анын келе жатканын билгем.  Иним жаш бала эмес, 40 жаштагы өз жашоосун өзү билген чоң киши. Мен деле кечке аны жөндөп, артынан карап жүрө албайм. Экөөбүздүн жашообуз эки башка экен.

Баарыбыз эле кайдагыны баштадың эле, тынчыраак тартип бузбай үйдө жата турбайт белең деп урушуп жатабыз. Эми анализдери  чыкты. Дарыланып баштады. 14 күндөн кийин  дагы анализдери чыгат.

Бул окуя да саясатташып кетип, ар ким оюна келгенин жазып жатат. Алтургай мени иниси менен жетелешип чек арадан өткөн деп жазганга чейин барышты. Орозонун күнүндө калп айтып эмне кылам. Инимден коронавирус чыгып калды, атайын кылган жокпуз. Токтогул өзүбүздүн жерибиз, мынча чуу салуунун бизге эмне кереги бар эле. Өзүм да бул окуядан кийин өкүнүп турам", -деп маалымдады эл өкүлү Нурбек Тотонов

Булак: NazarNews.org

Последние новости