www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти өлкөнүн чек араларын коронавирус аяктаганга чейин жабык бойдон калтыра албай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

“Күнүмдүк жашоону жылдар бою токтото албайбыз жана чек араларыбызды коронавирус аяктаганга чейин жабык бойдон калтыра албайбыз”, - деген Эрдоган.

Ага кошумча, 21-майдан баштап, Түркиянын бардык дубандарында коменданттык саат киргизилерин айтып өткөн.

Ошондой эле, Түркиянын президенти өлкөдө жаңы окуу жылы сентябрда баштала тургандыгын, ал эми мечиттер 29-майда ачыларын кошумчалаган.

Коронавирустун чыгышына байланыштуу өлкөдөгү кырдаалга токтолуп, “Жаңы этапта биз улуу жана күчтүү Түркияны курабыз”, - деп баса белгилеген.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Түркияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 150 миңден ашты. Ал эми бул вирустан каза болгондордун саны 4170ге жетти.

Булак: NazarNews.org

Последние новости