www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларуссия менен Армениянын Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) жалпы транзиттик тарифти киргизүү сунушу азырынча ишке ашпай жатат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги жазып чыкты.

Бүгүн Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты.  Анын жүрүшүндө ал Россия, Казакстан жана Кыргызстан формуланы колдой тургандыгын белгилеп, ага ылайык ЕАЭБде газга болгон баа мамилелерин кийинчерээк аныктоого болот, бирок Беларусь жана Армения буга макул эмес. Алар газ ташуу жана транзиттик кызматтарга бирдиктүү тариф киргизүүнү сунушташат.

"Биз бирдиктүү тариф бир гана бюджетке жана бирдиктүү салык системасына ээ бир рынокто ишке ашырыла алат деп эсептейбиз", - деди Россиянын лидери.

Ал ЕАЭБдеги интеграциянын учурдагы деңгээлин жетишерлик терең эмес деп баалады жана эксперттер аркылуу газга болгон баа мамилелерин талкуулоону улантса болот деген пикирин билдирди.

Апрель айында Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенко Россия менен империалдык жолдордон баш тартса, интеграцияны тереңдетүү боюнча сүйлөшүүгө даяр экендигин жарыялаган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости