www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун препараттарын сатып алып колдонбой жүргөндөр медиктерден кеңеш алышы керек, себеби эскирип кетсе ден соолукка зыян. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн айдагы кымгуутта көптөгөн адамдар дары-дармекти өз алдынча запастап алган учурлар болду.

"Гепарин сыяктуу препараттарын сактап алгандар бар экен. Андай каражаттар өзүнүн шарты менен сакталышы керек. Белгилүү бир температурада, караңгы, кургак, кичинекей балдар жетпей турган жерде болушу керек. Туура сакталбаса же мөөнөтү өтүп кеткен болсо, ден соолукка өтө чоң зыян алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бул боюнча медицина кызматкерлеринен консультация алуу керек. Мындан сырткары, дары-дармектин тышындагы инструкциясына көңүл буруңуздар", — деди Үсөнбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости