www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Видео - Кара-Кече кенине барчу жолду чоң таштар тосуп калды

Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзаков айыл аймагында Кара-Кече аянтына жаңы жол куруу маселеси каралууда. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 16-августта Дыйкан-Кара-Кече жолунун 37-чакырымында катуу ташкын болуп, чоң таштар кулаган. Көлөмү 300 миң куб метрди түзгөн.

Учурда жол кыймылы жабылды, транспорттук байланыштар айланма жол менен камсыздалат.

Адистер жолдун кесепетин көзөмөлдөп, жаан-чачын коркунучу дагы деле бар экендигин көрсөттү. Эскертүү белгилери орнотулду. Кара-Кече көмүр кенинин жумушчуларынын ортосунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы жолдун курулушу боюнча Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылуу жөнөтүлдү. Маселе чечилүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости