www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата аймактык ооруканасы тууралуу интернетте жарыяланган видеодо айтылгандар тууралуу түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, коронавирус менен ооругандарды дарылап жатып, дарыгерлер өздөрү да илдет жуктуруп алып жатканы, алардын ичинде Ысык-Ата ооруканасынын кызматкерлери да бар экени белгиленип, канча кызматкери COVID-19 оорусуна кабылганы такталган эмес.

Министрликтин Чүй облусундагы координатору Бактыгүл Мамытованын сөзүнө таянуу менен ооруканага кошумча тогуз кызматкер тартылганы кабарланган. Алардын үчөө (бир дарыгер, эки медайым) Токмок медициналык окуу жайынан, алты медайым Чүй облустук стамотологиялык поликлиникасынан жөнөтүлдү. Мекеме видеодо медициналык кызматкерлердин кезмат алмашып жаткан учуру тартылган деп билдирет.

Эске сала кестек, 11-июлда Кант шаарынын жашоочусу катары өзүн тааныштырган жаран ооруканадан тарткан видеону интернетке жарыялаган. Ал коронавируска кабылып бейтапканада жатканын, аны жана башка оорулууларды караган дарыгерлер жоктугун, палаталарда өздөрү калганын айткан. Тасмада оорукананын ичинде ак халатчандар жок экени көрүнүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости