www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул кандай шартта берилерин түшүндүрдү.
Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөттүн жөлөк пулун дайындоо үчүн саламаттык сактоо уюмдары тарабынан эмгекке жарамсыздык баракчасы керек.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул кимге дайындалат:
иш берүүчү менен эмгек келишимин түзгөн кызматкерлерге;
жеке ишкерлерге;
дыйкан (фермер) чарбанын мүчөлөрүнө;
белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укуктуу аялдарга чегерилет.
Иштеген адамдарга жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укугу жок аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул дайындалбайт.
Жөлөк пул чегерүү үчүн кайда кайрылууга керек?
иштеген жерине;
жеке ишкерлерге, дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрүнө, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укугу бар расмий жумушсуздарга аймактагы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарында дайындалат.
Жөлөк пулду каржылоо булактары:
биринчи 10 иш күнү үчүн – иш берүүчүнүн каражатынын эсебинен;
11-иш күнүнөн тартып – республикалык бюджеттин эсебинен.
Мекемеден кошумчалашкандай, 2024-жылдын 1-январынан кийин 11-иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмү айына 20 эсептик көрсөткүч (2000 сом) эсебинде аныкталат.
Булак: NazarNews.kg