www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМК: Си Цзиньпин Байденге жардам берүүгө убада берди

Кытай төрагасы Си Цзиньпин АТЭС өлкөлөрүнүн Сан-Францискодо өткөн саммити учурундагы жолугушууда АКШ президенти Жозеф Байденге Пекин Тайванды материктик Кытай менен бириктирерин "так кесе" айтты. Бул туурасында РИА Новости NBC телеканалына таянып жазды.

Жолугушуудагы бул учур туурасында журналисттерге америкалык аткаминерлер айтып берген.

Маалыматта Си Цзиньпин Байденге Кытай жана Американын чиновниктери катышкан жолугушууда Пекин аралды күч менен эмес, тынчтык аркылуу биригишине ык коерун айткан.

Мындан сырткары, Си америкалык аскерлердин 2025 же 2027-жылы Кытай Тайванды "басып алат" деп бекемдеп келген божомолун четке кагып, мөөнөт менен чектебегенин белгиледи.

NBC эки жетекчинин эмне тууралуу сүйлөшкөнү боюнча маалыматы бар аткаминерлер Си Цзиньпинди "кескин жана ачык сүйлөгөн, бирок тирешпеген" лидер катары сүрөттөшкөнүн жазды.

Кытайдын борбордук өкмөтү менен анын аралдык провинциясынын расмий мамилеси 1949-жылы үзүлгөн. Бул Чан Кайши башында турган Гоминьдан күчтөрү Кытай компартиясы менен болгон жарандык согушта жеңилип Тайванга барган соң болгон. Кытай материги менен арал ортосундагы иштиктүү мамиле жана формалдуу эмес байланыштар 1980-жылдардын соңунда жаңыланган. 1990-жылдардан тарта мамлекеттик эмес уюмдар — мамилелерди жакшыртуу боюнча Пекин ассоциациясынын Тайвань кысыгы жана Тайбэй фонду аркылуу байланыша башташкан.

Пекин Тайвандын өз алдынчалуулугун тааныбайт, өз провинциясы деп эсептеп, дүйнөнү "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырып келет. АКШ бул принципти кагаз жүзүндө сактаган болуп, арал менен жигердүү кызматташып, байма-бай курал-жарак жеткирип турат.

Кытайдын армиясы Тайванды Кытай Эл Республикасынын (КЭР) курамынан бөлүп кетебиз дегендерге эч кандай аёо кылбай турганын Борбордук аскер кеңешинин төрагасы Чжан Юся Пекиндеги эл аралык форумда эскерткен.

"Тайвань КЭРдин түпкү кызыкчылыгы бар маселелеринин бири, ал эми "бирдиктүү Кытай" принциби эл аралык коомчулуктун жалпы консенсусу болуп эсептелет", — деген Чжан Юся.

2024-жылдын 13-ноябрында Тайвандын администрациясынын башчысы шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости