www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында Нипах вирусун жуктуруу учурлары катталганбаганын билдирет. Эпидемиологиялык кырдаал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бултууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Маалымдалгандай, инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында санитардык-карантиндик көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери келген адамдардын ден соолугунун абалын көзөмөлдөп, транспорт каражаттарына санитардык көзөмөл жүргүзүп, колдонуудагы нормативдик талаптарга ылайык алдын алуу иш-чараларын аткарышууда.

Өлкөнүн медициналык уюмдары ооруну эрте аныктоо, бейтаптарды обочолонтуу жана эпидемияга каршы чараларды уюштуруу маселелери боюнча нускама алышты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) жана эл аралык өнөктөштөр менен эпидемиологиялык маалымат алмашуу жана алдын алуу чараларын координациялоо боюнча туруктуу байланышта.

Последние новости