www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууну жана жүгүртүүнү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, беш даана автоцистернаны колдонуу менен белгиленбеген жерлерде көчмө чекене соода жүргүзгөн күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу түйүндөрү аныкталды.

Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча автоцистерналардын ээлерине административдик айып салынып, транспорт каражаттары айып жайга токтотулду, күйүүчү-майлоочу материалдар алынды. Материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык кызматкерлери күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууну жана жүгүртүүнү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мунайзаттарды чекене сатууга контролдук-кассалык машиналар, атайын күйүүчү май жабдуулары (отун таратуучу колонкалар) жана автоматташтырылган эсепке алуу системалары милдеттүү түрдө болгон автомай куюучу станцияларда, автомобилдик газ толтуруучу, компрессордук станцияларда гана уруксат берилет.

 

Последние новости