www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик тажикстандык студенттер тууралуу маалымат берди

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда окуп жаткан, окууга тапшырган жана мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандарына байланыштуу Министрлер кабинетинин буйругунун долбоору иштелип чыкканын кабарлады.

Ал тажик жарандарына Кыргызстандын аймагынан чыгууга жана өлкө ичинде жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тартип этникалык кыргыздарга да тиешелүү.

Ушул тапта буйруктун долбоору тийиштүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатканы белгилүү болду. Министрлик Тажикстанга бул тууралуу маалымат берилгенин кошумчалады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-2021-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны билим алган.

"Азаттыктын" тажик кызматы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган 100дөн ашуун тажик студенттерине Бишкекке келүүгө уруксат берилбей жатканын жазган.

Мурдараак Кыргызстанда тажикстандык студенттер мажбурлап өлкөдөн чыгарылганы тууралуу маалымат чыгып, Бишкек муну четке каккан.

Быйыл жаздагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан. 28-апрелден 1-майга чейин уланган калабада Кыргызстанда 36 адам көз жумган. Тажик тарап 19 киши каза тапканын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости