www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы шаарында атышуу болуп, беш киши көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя Акбулак кичи районунда болгон. Атышуу сот аткаруучулар жаранды үйүнөн чыгарганы келгенде башталганы айтылат. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран көз жумганы маалым.

Өз кызматкерлеринин каза болгондугун Алматы полициясынын департаменти тастыктады.

«Мамлекеттик органдарга атышуу боюнча маалымат бүгүн саат 17.20да түшкөн. Сот аткаруучулар аймактык тескөөчүлөр соттун үй ээсин жакындары менен чогуу үйдөн чыгаруу чечимин ишке ашырууга келишкен. Ошол маалда 54 жаштагы жашоочу ок чыгарган», — деп айтылат маалыматта.

Ал полиция тараптан кармалганы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости