www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Днын мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Установлены факты незаконного обогащения бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д

УКМК Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Д. мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады

Коопсуздук кызматы жарыялаган инициалдар жакында эле ИИМ суракка үйүнөн алып кеткен Чүйдүн экс-жетекчиси, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун (Дүйшөналиевич) аты-жөнүнө туура келип жатат. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп шектелип жатканы айтылган эле.

Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д

Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д

УКМК Чүй облусунун мурдагы жетекчисинин ишин тергеп жатканда төмөнкүлөр аныкталды деп билдирди.

"Тергөө учурунда А.Т.Д. жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн активдерин көбөйткөн. Легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы аныкталды. Ошондой эле Кыргызстандын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салганы белгилүү болду. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына каттаган", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д

Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д

УКМК 16 батирден тарта бир нече автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы чала бүткөн курулуш объектилерине чейин жарыялады.

"Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, А.Т.Д. жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, унаа токтотуучу 2 жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган", — деп айтылат маалыматта.

Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д

УКМК кармалган мурдагы облус башчынын жана анын жакын туугандарынын активдери киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланды деп кошумчалаган.

Иш чогулткан материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталган. Мунун алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д

Эске салсак, Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости