www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Равшан Жээнбеков: Сотторду соттойбуз

2019-жылдын августунда болгон Кой-Таш окуялары боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан соттук иште бүгүн мурдагы депутат Равшан Жээнбеков – сотто төрагалык кылган Азирет Медеров келечекте кылмыш жообуна тартылат деп билдирди.

«Сот көз каранды. Мен бул сотту генералдык прокуратурага арыз жазып, кылмыш ишин козгоо тууралуу сурадым (залда чогулгандар: «Туура! Туура!») Бул сот мүмкүн бүгүн жооп бербейт, бирок келечекте – мынакей, Молдовадагы сотторду камап атат, прокурорлорду камап атат – биз дагы келечекте 30-40 сотторду, саткын сотторду, прокурорлорду, дежур прокурорлорду, тергөөчүлөрдү, баарын келечекте кылмыш жоопкерчилигине тартабыз» (залда чогулгандар: «Туура! Туура!»)

Жээнбековдун сөзүнөн кийин журналисттер сот залынан чыгарылгандыктан, сот Медеров Жээнбековго эскертүү бердиби же жокпу, бизге белгисиз, бирок мурда мындай сөздөр үчүн сот иштерине катышкан ким болбосун жазага тартылчу. Ишти караган сот канчалык уятсыз же өйдө жактан айтылганды канчалык лаппай деп аткарса дагы, иш жүргузүп жаткан учурда ал кол жана сөз тийбестикке ээ.

Кыргызстандын соңку тарыхында сотторду маскаралоону Алмазбек Атамбаев баштаган – ал соттор менен башка бийликти гана эмес, президентти да ар башка сөздөр менен сөгүп, кыймыл-аракеттери менен анын намысына тийген. Үйү жакын иттин куйругу узун дегендей, Атамбаев сырткы күчтөрдүн ага жан тартканына таянган, анткени өзү саткан Кыргызстандын эгемендүүлүгү канча тураарын жакшы билген.

Равшан Жээнбеков бир жарым айдан бери камакта, бирок абакта жатканы анын тышкы турпатына эч таасир тийгизбегендей жана ал дагы – Кыргызстандын жаңы бийлиги ошол эле күчтөргө канчалык көз каранды экенин жакшы түшүнөт. Ал күчтөр өздөрү кутум даярдабаса дагы, анткен күчтөргө канчалык жардам көрсөтүп жатканы көрүнүп эле турат, ошондуктан соттор дагы, прокурор менен тергөөчүлөр дагы мындай мазактоону унчукпай угууга аргасыз – а балким эртең бийликке кайрадан атамбаевчилер келет?

Ушундай абалга жеттик. Мыйзам, тартип, эреже тууралуу сөз да болбой калды. Жакында окуучулар – бизди туура эмес окутуп жатасыңар деп мугалимдерди кагып, мени туура эмес тарбиялап жатасыңар деп балдар ата-энелерин сындап, газды туура эмес бастың деп жүргүнчүлөр таксисттер менен уруша турган мезгил келип калды жана андайга жооп кайтаруу кыйын, анткени баарыбыз качандыр бир кандайдыр ката кетиргенбиз.

Последние новости