www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровдун деле, Камчыбек Ташиевдин деле бул Самат Ибраевге алы жетпей жаткандары көптөгөн суроолорду туудурууда. Бул тууралуу жарандык активист Гүлжигит Исаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Көптөгөн ишкерлердин 30 млн.$дан ашык акчасын бербей жүргөн Самат Ибраев башында турган топ ар бийликтин тилин таап, элге акчасын кайтарбай келет.
Толтура факттарга карабастан орган кызматкерлери «алсыз» бойдон калышууда...
Сооронбай Жээнбековдун бийлиги анын «тилине» кирип, элдин кыжырын кайнаткан болчу. Азыр бийликтен кетти, ошол «тилге» көнгөндүгү үчүн жооп берет.
Садыр Жапаровдун деле, Камчыбек Ташиевдин деле бул Самат Ибраевге алы жетпей жаткандары көптөгөн суроолорду туудурууда. Буларды СШЖныкынан оор тагдыр күтүп турган болсо эч таң калбайм.
Жабыркоочулар эртең аянтта митинг өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу кабарлашууда. Эч бир мыйзам иштебесе эл өзү билгендей кылып чечип алса дагы эч таң калбайм...
Учуру келгенде бул уюшкан топтун ар бир мүчөсү МЫЙЗАМДЫН алдында жоопко тартылат. Бул турган иш. «Каралардын мыйзамы» дагы буга эч кандай тоскоол боло албайт. Анткени, алардын үстүндө турган дагы күч бар дегендей...
Өлүм жазасы кайта турган күн келгенге чейин азыртадан элдин акчасын кайтарып коюшса өздөрүнө эле жакшы болот...», - деп кошумчалаган Исаков.
Булак: NazarNews.kg