www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаңы мыйзам иштеп кетсе, мандат берүү талапкердин алган добушуна жараша болот»,  - деди бүгүн, 20-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине эркин журналист Айданбек Акматов.

- Айданбек байке, парламенттик шайлоо жаңы мыйзам боюнча боло турган болуп калды. Жаңы мыйзамда партиялык тизме менен шайлоого катышкан талапкерлерге алган добушуна карата мандат берилет экен. Эгер андай болсо, партиянын лидерлери маселе чече албай калабы?

- Партия лидерлери мурда деле маселе чече албай калган учурлар абдан көп болгон. Алар тизме түзүүдө күчтүү болуп, шайлоодон кийин чыр-чатак, бөлүнүп-жарылуулар болуп келген. Эми андай эмес. Алган добушуна жараша мандат алат. Партия лидерлери эң белгилүү жана таасирдүү саясатчы катары эң көп добуш алышы мүмкүн. Мына ошонусу менен лидерлик кылып, партиянын саясатын жүргүзөт. Анын ичинде парламентте.

- Эгер жаңы мыйзам жакшы иштесе мандат берүүнү аныктоого партия лидерин эмес, БШКнын таасири чоң болобу?

- Жаңы мыйзам иштеп кетсе, мандат берүү талапкердин алган добушуна жараша болот. Ошондуктан мандат берүү элдин добуш бергенине жараша болот. Эгерде БШК көз боемечулукка барып, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоолорго барбаса...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости