www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Партлидерлерди дагы эле бир гана критерий - акча талап кылмай адаты бийлеп алыптыр» , - деди бүгүн, 20-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Каныбек Осмоналиев.

- Жаңы шайлоо мыйзамы, жаңы Конституциянын негизинде ишке ашканы жаткан аралаш система менен парламентке элиме ак кызматымды өтөйм деген иш билги, адискөй инсандар келет деп үмүт артсак болобу?

- Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо нормасы жаңы Конституциянын бир эле 76-беренесинде каралган. Ал жерде «ЖК-мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укутарынын чегинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган» - делинген.

Мындан сырткары, «Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат» - деген норма бар. Анан дагы «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат» - аттуу талап бар. Болду!

Конституцияда ушулар эле жазылган. А, айтмакчы. «Жогорку Кеңештин депутаты конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда чакыртылып алышы мүмкүн! - делинген коркунучтуу норма бар. Бул эми өзүнчө кеп кылына турган маселе.

Андан кийин азыркы ЖК шайлоо боюнча жаңы конституциялык мыйзамды кабыл алды. Мен аны түп тамырынан берүү чечмелебей эле коёюн. Баары эле билишет. Негизги өзгөчөлүк - бул аралаш шайлоо системасынын киргизилиши болду.

90 депутаттын 54ү пропорционалдык система менен барышат. Болгондо дагы партиялардын тизмеси ачык болот дагы добуш берүү преференциалдык ыкма менен жүргүзүлөт.

Эң кызыктуу жери мына ушул акыркы нормада турат! Эгерде БШК шайлоону, эми бир жолу Кудайдан коркуп, таза уюштурса, ошол тизмеге киришкен таза адамдарды шайлоочулар колдоп ала турган шарт түзүлдү.

Бирок, ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп, дагы былтыркы өнөрүн көрсөтсө анда бул норма өлдү деп коё берсек болот. Мен азыр партиялардын кантип тизме түзүп жаткандарын абдан кунт коюп байкап келем. Абал былтыркыдан дагы жаман жана коркунучтуу болуп бара жатыптыр.

Партлидерлерди дагы эле бир гана критерий - акча талап кылмай адаты бийлеп алыптыр. Деги эле чынчыл патриот адамдарды келе кой деген ниеттери жок. Ар бир айылды шимшилеп бүтүп калышты. Акчалуу жергиликтүү «фараондорду» ит талагандай кылып талап кетишке үлгүрүшүптүр.

Ал турсун Орусиядагы акчалуулар дагы массалык түрдө партиялардын тизмелеринде жүрүшөт. Мындай келечеги жок амалдарга коркпой барып жатышкандыктарына караганда преференциалдык системанын талуу жерин таап алышкан окшойт. Бара көрөөрбүз.

Өлкөнү чындап ойрондотуп коюшат окшойт? Эгерде чыныгы ачык тизме болгондо ошол партиялардын көбүнүн лидерлери өздөрү өтпөй калышмак. Ал эми элге жек көрүнгөн депутаттардын баарынын эле жолдору буулмак!

Ушундай коркунучтуу абалдын жолун жаап коюш үчүн БШК кандай чараларды көрүп жатышкандыктарынан кабарым жок, азырынча. Алар жөн эле декларативдик чараларды айтымыш болуп отурушат. Шайлоонун экинчи жолу - бул мажоритардык система экен.

Мыйзамга ылайык ага 36 мандат бөлүнгөн. Бул азыртан эле түшүнүктүү болуп калыптыр. Акчалуу гана адам депутат болот. Ал турсун кээ бир округдардын ээлери айкын болуп калгандыктарын айта башташыптыр.

Мен бир мандаттуу шайлоого илгертен бери эле каршы элем. Ар бир округдун өзүнүн кожоюну пайда болот деп какшап жазып келгемин. Ошол доор башталды. Ал округ акчалуу коррупционердин бала-чакасына, тууган уругуна жана карындаш урук, кудаа-сөөктөрүнө чейин бериле турган менчикке айланып кетет! Биздин элдин менталитети ушуга сөзсүз алып келет. Муну ким сунуш кылса дагы абдан терең ойлонуп байларга гана жол ача турган иш болгон.

Муну Англиянын лорддор палатасы менен окшоштуруп койсок туура эле болот. Бул оюмду бекемдеген дагы бир нерсе кечээ эле БШК салтанатуу жарыя кылган шайлоо округдардынын географиясы далил! Кээ бир күчтөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн колдоо иретинде эле түзүлгөнү айдан ачык көрүнүп турат.

Менимче, жаңжал көп болот окшойт. Расмий бийлик буга катуу туруп көзөмөл кылбаса болбойт! «Өзүмүн депутатым!» - деген сокур сезим болсо эле куурадык! Анда жаңжал чыгат. Аксакал катары мен муну ачык жана чын ниетимен алдын-ала эскертүү катары айтып коюшум парз! Элимин тынчтыгын гана көздөгөн максатым бар!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости