www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандагы качкындардын негизги бөлүгү Европага, Америкага ыктады. Бул тууралуу дин таануучу Канатбек Мурзахалилов билдирди. 

--"Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан "Эл аралык качкындар жөнүндө" конвенцияга мүчө болгондон кийин биз мажбур түрдө Афганистандан качып чыккан качкындарды алып кетүүгө милдеттүүбүз. Бирок бүгүнкү күндө абал көрсөтүп тургандай, Афганистандагы качкындардын басымдуу көпчүлүк бөлүгү ошол эле Араб өлкөлөрүнө жана Европа же АКШдан качкын статусун алганга аракеттенип жатышат.

Борбор Азия өлкөлөрүнө болсо чек арага жакын Өзбекстан, Тажикстанга кайткандар арбын. Бирок, жогоруда белгилегендей, качкындардын негизги бөлүгү Европага, Америкага ыктады. Бизде качкындар боюнча анчалык деле коркунучтуу жагдай жок", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости