www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстандын көпчүлүгү президент ЖККУнын жыйынында туура маселе көтөрдү деп кубаттап жатышат», - деди бүгүн, 20-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Туратбек Мадылбеков.

- Туратбек Мадылбекович, президенттин саммитте кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөргөнү туура эле болдубу?

- Президент тажик-кыргыз чек арасын чечүү маселесин көтөргөнү орундуу да, туура да болду. Бул маселени президент көтөрбөгөндө ким көтөрөт. Эки президент эле сүйлөшүп чечпесе, андан кийинки кызматтагылар чече албайт. Негизи чек ара маселесин тунгуч президенттин убагында чечилсе, азыркыдай маселелер болмок эмес. Анткени, убакыт өткөн сайын чек ара маселесин чечүү татаалдайт. Себеби, кыргыз да, тажик да көбүрөөк жерге ээ болгусу келет. 

- Айтмакчы, президенттин ЖККУ уюмуна мүчө болгон мамлекет экинчи мүчө өлкөгө куралдуу кол салса, аталган уюм ыкчам чара көрүү чечимин кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгына токтолуп, маселени кабыргасынан койгону орундуу эле болдубу?

- Негизи ЖККУга Россия күчтүү мамлекет, алардын аскер техникалары да күчтүү, аброю да жогору деп, союз убагындагы 70 жыл чогуу болгонубузду эске алып, азыр да чогуу бололу деген ниетте мүчө болгонбуз.

ЖККУнун түзүлгөнү жакшы болгон. Бирок, кемчиликтери да бар. Аталган уюмга мүчө болгон мамлекеттерде чыр чыкса же башка мамлекеттер кол сала турган болсо, ЖККУ бир суткада жаңжалды баса турган уюм болушу керек.

Өткөндөгүдөй болуп тандап мамиле кылып же болбосо унчукпай койбошу керек. Бул жагынан президент маселени кабыргасынан эле койду. Сунушту туура берди.

Анын сунушун сындап же аны каралоодон алыс болушубуз керек. Анткени, президенттин андай сунуш бергенге укугу бар. Азыр сындагандар чекеден чыгат. Бирок, Кыргызстандын көпчүлүгү президент туура маселе көтөрдү, туура сунуш берди деп президентти кубаттап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости