www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. 

Синоптиктердин билдирүүсүнө карагандаа, 2синен 5-мартка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ыйрайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,

Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),

Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында,

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу),

Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу),

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Последние новости