www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тирана шаарында (Албания) өткөн спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик Muhamet Malo-2026 турниринде грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын балбаны Үзүр Жусупбеков 96 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.
Мелдештин алгачкы кармашында Жусупбеков түркмөнстандык Аманберды Агамаммедовду 9:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, кийинки айлампага жолдомо алган.
Чейрек финалда россиялык Артур Саргсянга 0:9 эсебинде утулуп калган. Бирок көңүл жубатуучу беттештер аркылуу байге үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды.
Көңүл жубатуучу беттеште биринчи каршылашы азербайжандык Махаммад Ахмадиевди 8:2 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн беттешке чыкты. Чечүүчү кармашта ирандык Амирреза Морадиянды 4:2 эсебинде утуп, коло байгеге татыды.