www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгыш аймагындагы татаал кырдаалдын уланып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына тынчтыкты сактоону жана коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт.
Бириккен Араб Эмираттарынын жергиликтүү бийлик органдарынын (Ички иштер министрлиги жана башка компетенттүү органдар) расмий билдирүүлөрүнө көз салып, ишенимдүү маалыматка гана таянууну суранабыз. Ошондой эле текшерилбеген маалыматты таратпоону өтүнөбүз.
Ошону менен бирге, Министрлик БАЭнин компетенттүү органдары тарабынан жарандарды мейманканаларда кошумча акы төлөбөстөн убактылуу жайгаштырууну узартуу, ошондой эле каттамдардын жокко чыгарылышына жана жылдырылышына байланыштуу чыгарып жибербөө чечими кабыл алынгандыгын билдирет.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарына мейманканаларда калуу жана бийлик органдарынын расмий сунуштарын күтүү, КРнын чет өлкөдөгү мекемелери, туроператорлор, авиакомпаниялар жана мейманканалардын администрациясы менен туруктуу байланышта болуу сунушталат.
Эгерде абадан коргонуу сигналы же башка өзгөчө кырдаалдар жарыяланса, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл.
БАЭде "жабык асман" режими киргизилгендиктен, жер менен үчүнчү өлкөлөр аркылуу чыгуу жолдорун өтө зарыл болгон учурда гана кароону жана компетенттүү органдардын расмий маалыматын милдеттүү түрдө көзөмөлдөөнү суранабыз.
БАЭнин аймагында жүргөн КР жарандары тууралуу ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана актуалдуу маалыматты түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Элчилигине төмөнкү маалыматтарды жөнөтүп, өзүңүздүн жүргөн жериңиз жөнүндө билдирүүңүздү суранабыз:
- Аты-жөнү;
- Туулган күнү;
- Паспорттун номери;
- БАЭдеги иш жүзүндөгү жашаган дареги;
- Байланыш маалыматтары.
Маалыматтарды төмөнкү байланыш номерлерине жөнөтүүнү суранабыз:
- КРнын БАЭдеги Элчилиги: +971522255269;
- КРнын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971522918840;
- КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996999312002.