www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун энергетика тармагына инвестиция тартуу, ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча койгон тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 25-26-февралында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусуна эки күндүк иш сапар менен барып, бир катар энергетикалык обьектилердин иши менен таанышты.
Алгач министр Т.Ибраев Нарын облусунда курулуп жаткан кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСинин курулуш аянтчасында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, долбоордун мөөнөттөрү жана техникалык чечимдери талкууланды. ГЭСтин башку инженери Сариев Асылбек куруу иштеринин азыркы этабы, аткарылган иштер, алдыдагы пландары тууралуу маалымат берди. Куланак ГЭСин ишке киргизүү 2027-жылга пландалып жатканын билдирди.
Энергетика министри долбоордо белгиленген графикке ылайык, куруу иштерин өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууну тийиштүү жетекчиге тапшырды.
Учурда аткарылган иштер:
Бүгүнкү күндө аткарылып жаткан жумуштар:
Таш-топурактан плотина, суу өткөрүүчү бетон конструкциялар, суу кирүүчү каналдын алгычы жана каналдын бетондон дубалы курулууда. Гидроагрегаттын темирден суу түтүктөрү (турбинный водовод) жана турбиналык участогуна темир шаймандары монтаждалып жана орнотулууп жатат. Станциянын курулгандан кийин сууну буруучу каналы жана жээкти коргоочу дубалдарды, станциянын имаратынын төмөнкү катмарындагы темир-бетон конструкцияларын бөлүүчү бетондон конструктивтүү элементтери тургузулуп жатат.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Т.Ибраев убагында куруу иштери башталып, бирок айрым бир себептерден улам ишке ашырылбай калган “Жогорку Нарын каскад” долбоорунун алкагында салынган обьектилердин учурдагы абалын жеринен көрүп чыкты.
Аталган долбоорду кайрадан жандандырууга, алдыга жылдырууга, инвестиция тартуу, жана аны ишке киргизүү боюнча энергеокомпаниялардын тийиштүү жетекчилери менен талкуу жүргүздү.
Мындан тышкары министр Т.Ибраевдин жана “КУЭТ” ААКнын башкы директору И.Сыдыгалиевдин катышуусунда Нарын электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жыйын болуп отту.
Жыйында тармактын негизги өндүрүштүк-каржылык жана техникалык маселелери каралды.
Атап айтканда:
• дебитордук карыздардын абалы жана аны кыскартуу боюнча чаралар;
• АСКУЭ системасын өнүктүрүү жана кеңейтүү;
• темир-бетон продукцияларын өндүрүү көрсөткүчтөрү;
• авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу боюнча иш алып баруу;
• оңдоо иштеринде коопсуздук талаптарын күчөтүү;
• коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер;
• SCADA системасын киргизүү — ыкчам диспетчердик ишти санариптештирүү;
• өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо жана жаңы курулуш иштеринин жүрүшү;
* 35/10 кВ Дөдөмөл көмөк чордонуна кызматкерлер үчүн имарат куруу, Кочкор районунун Мантыш электр тармактар барчасына склад жана гараж куруу маселелери.
Мындан тышкары, ишкананын базасында эскилиги жеткен жыйындар залдын ордуна 1-кабатына жаңы жумуш кеңсесин, 2-кабатына жыйындар залын, эски гараждардын ордуна жаңыларын курууну ишкана жетекчисине тапшырды.
Жыйындын жыйынтыгында министр тармактын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, санариптештирүүнү тездетүү, дебитордук карыздарды кыскартуу жана өндүрүштүк коопсуздукту күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.