www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы сутка ичинде коронавирус жуктурганы аныкталган 95 адамдын ичинен 36сы илдетти кантип жуктуруп алганын билбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун барасы Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 95 кишинин ичинен 57 адам оорулуу менен байланышта болгондор катары көзөмөлдө тургандар. Төртөө сырттан келгендер. Калган

35 кишинин вирусту жуктуруп алган жерлери такталып жатат.

"Вирустун кайдан жукканы билинбей калган учурлар дагы болууда. Бул инфекция элди аралап кетти дегенди түшүндүрөт. Албетте, биз бардыгын тыкыр көзөмөлдөп турабыз. Бирок жарандардын жоопкерчилиги дагы керек", — деди Үсөнбаев.

2020-жылдын 18-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жалпысынан 2 657 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 693 бейтап стационарда, 1933 адам сакайып чыкты. Тилекке каршы, 31 киши илдеттен каза тапты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости