www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзүнөн коронавирустун белгилерин байкаган Бишкек шаарынын тургундары үчүн иштеп жаткан 118 ыкчам байланыш номерине чалуулар боюнча 17-июнь күнү рекорд катталды. Бир күн ичинде ага 670 чалуу болгонун брифинг учурунда Бишкек шаарынын саламаттык сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.
"Апрель айында 118 номерине 5 312 киши чалган (күн сайын орто эсеп менен 171 чалуу). Май айында 4 004 (күнүнө 141 чалуу). Июнь айында бул көрсөткүч дароо көтөрүлүп, үч жума ичинде 4 520 киши чалды. Кечээ эле 670 чалуу кабыл алынды, бул рекорддук көрсөткүч", — деди Исмаилова
Ошондой эле ал айрым чалуулар кызматтын компетенциясына туура келбей турганын кошумчалап, 118ге кайсы учурда кайрылуу керек экенин санап берди:
- эгер чет өлкөдөн акыркы 30 күндүн ичинде келсе;
- эпидемия көбүрөөк жайылган аймакта болсо;
- коронавирус жуктуруп алган адам менен тыгыз байланышта болсо;
- обсервация жайларында болсо;
- дене табы жогору болуп, жөтөлүп, дем алуусу кыйындаса.
18-июнь күнү Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны 968ге жетти.
Булак: NazarNews.kg