www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санариптик өнүктүрүү министрлиги табылган документтерди Калкты тейлөө борборуна жана паспорт бөлүмдөрүнө өткөрүп берүүгө чакырды.

Мекеме жоголгон документтерди таап алгандар сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялап, ээсин табууга жардам сурап кайрылуу адатка айланганын белгиледи. Бирок мында жеке маалыматтар ачыкталып, ээсинин коопсуздугуна доо кетерин эскертти.

"Жоголгон документтерди издөө үчүн "Табылгалар бюросу" системасы иштейт. Аны электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан жана "Түндүк" тиркемесинен карасаңыз болот. Быйыл 11 айда 911 документ боюнча маалымат "Табылгалар бюросунун" базасына киргизилип, анын 316сы ээсин тапкан. Анын ичинде паспорт, туулгандыгы тууралуу, нике, айдоочулук күбөлүктөр бар", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле паспортун жоготкондор жаңысын алуу үчүн кайрылса, кызматкер алгач "Табылгалар бюросунан" текшерери айтылды. Эгер ал жактан чыгып калса ээсинин убактысы жана каражаты үнөмдөлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости