www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол — Түп жолунда жол кырсыгы катталып, кичи автобус менен жеңил унаа кагышты. Күбөлөрдүн айтымында, кеминде эки адам каза болду.

Жол кырсыгы кечээ эртең менен болгон. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ар кандай жаракат алган тогуз адам Түп райондук ооруканасына жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык Михайловка айылына бурулушта болгон. Жеңил машине кичи автобус бара жаткан каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу тең жеринде каза тапты.

Күбөлөр белгилегендей, жол тоңголок болуп, жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости