www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча соттук отурум бүгүн 18-декабрда болот. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, буга Жамгырчиевдин адвокаттарынын Конституциялык соттун чечими менен таанышуу үчүн убакыт сураганы негиз болгон. Отурумда прокурор Жамгырчиевдин ишин кайра тергөө үчүн прокуратурага өткөрүп берүүнү өтүнгөн, бул боюнча чечим кабыл алына элек.

Ага козголгон кылмыш иши быйыл 26-июлда токтотулган. Анда судья Тажибаева адвокаттын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Бул беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган. Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулуп турган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясынын) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

Мурдараак анын аты аталган мекеменин Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң долларлык пара боюнча окуяда аталган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости