www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын төрагасына кол тийбестик макамы берилеби?

Жапаров Элдик курултайдын экинчи күнүндө Министрлер кабинетинин төрага орун басары, УКМКнын жетекчиси Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берди. Жапаров ал бийликке келгенден бери  Ташиев менен мамилесине чок салгысы келген тараптар болуп келатканын, бирок, экөөнүн ынтымагына эч нерсе тоскоол боло албастыгын белгиледи.

"Эки дос бийлик талашып жатат деген, бири-бирибизди кайраштырган маселе үч жылдан бери келатат. Атайын кызматтарга бир аксакалдын телефон номурлары, жазуулары түшүп калган экен. Аксакал эле киши отуруп алып, уюштуруп жатат: "Cен Садырдын агасына барып "бир жуманын ичинде Ташиев бийликти басып алганы турат" деп айт, "сен аялына барып айт", "сен баласына барып айт", Ташиевди болсо мага койгула, мен аны өзүм бат эле көндүрөм" деп жатат. Алар бизди чабышсын дейт. Экөөнү ажыратсак, бийликти оңой кулатабыз деп жатышат. Мен ал видеону чыгарып деле жиберсем болот, ал менин колумда турат, бирок ал аксакал кишиге боорум ооруйт, абийирин төккүм келбейт. Азыр өзү деле тынчып калды", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров Ташиевге атайын кол тийбестик макам берүүнүн зарылдыгы жоктугун, ал катуу кайтарууга алынганын билдирди. 15-декабрда курултайдын биринчи күнү Жалал-Абад облусунан келген делегат Элнура Жуманова УКМКнын төрагасына кол тийбестик макамын Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзамдаштырууну сунуштаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости