www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Аксы окуясынын 16 жылдыгын эскерүү жыйынына "студенттерди мажбурлап катыштыруу тууралуу документ" деп интернетке тараган сүрөт талкууга түштү. 19-мартта социалдык желеде тарап, сынга кабылган буйрукта Бишкектеги төрт жогорку окуу жайдан 70тен студент жыйынга барышы керектиги тууралуу тапшырма жазылган.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков кол койду деген буйрукта Кыргыз улуттук, Бишкек гуманитардык, Кыргыз мамлекеттик жана Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университеттеринен студенттер катышуусу керектиги жазылган.

Кожобеков Тажикстанда өзү иш сапарда жүргөндүктөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Министрликтин басма сөз катчысы Айзура Чыкынова жагдайды төмөнкүчө түшүндүрдү:

-"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси министрликке Аксы окуясына арналган иш-чарага студенттерди катыштыруу боюнча сунуш менен кайрылган. Аксы окуясынын тарыхтагы маанилүү экенин эске алып, министрлик бул сунушту колдогон.

2002-жылдын 17-мартында Аскар Акаев президент кезинде Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.

Быйыл 17-мартта Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында эскерүү жыйыны өткөн. Ага Апрель ыңкылабынын катышуучулары, “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү, КСДПнын активисттери катышкан.

Студенттерди буйрук менен катыштыруу тууралуу кабарларга уюштуруучулар тарабынан тастыктама бере элек.

Эске сала кетсек, Мээрбек Мискенбаевдин 16-мартта өткөргөн жыйынына КР Билим Берүү министрлиги Жогорку окуу жайларга 70 ден студенттерди жөнөтүү боюнча буйрук жөнөткөнү биздин редакциябызга келип түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости