www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрликтин жообу: Өзгөндө коронавирус катталдыбы?

Ош облусунун Өзгөн районунда коронавирус менен ооруган жарандар аныкталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдады. 

Маалыматка караганда кечээ, 28-февралда Кара-Суу районундагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Өзбекстан аркылуу, Түштүк Кореядан келген Кыргызстандын бир, Россиянын эки жараны өткөн.

«Санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритмге ылайык ал жарандарды обсервацияга жеткиришкен. Бул жарандардын абалы канааттандырарлык. Коронавирустун белгиси аныкталган жок», - деп айтылат маалыматта

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктурган учур катталган жок. Өлкөнүн аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости