www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медицина кызматкерлеринин күнүн утурлай Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине 100 жаңы кызматтык автоунаанын ачкычын тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып, саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыттары боюнча сөз сүйлөдү.
Андан соң ал ведомствого ата мекендик өндүрүштө чыгарылган 100 жаңы кызматтык автоунаанын ачкычтарын расмий тапшырды.
Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан дарыгерлерди, медайымдарды жана медицина тармагынын ардагерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгегинин маанисине токтолду.
«Мекендин эң чоң байлыгы – бул анын эли. Калктын ден соолугу бекем болсо, мамлекет чыңдалат, экономика өнүгөт жана келечекке ишеним артат.
Ошондуктан жарандардын саламаттыгы биз үчүн эң башкы артыкчылык болуп саналат. Биз саламаттыкты сактоого бөлүнгөн каражатты чыгаша катары эмес, узак мөөнөттүү инвестиция катары карайбыз», — деди ал.
Ал белгилегендей, акыркы жылдардагы туруктуу экономикалык өсүш социалдык тармактарды, анын ичинде саламаттыкты сактоону каржылоону кыйла көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Тактап айтканда, 2021-жылы тармактын бюджети 21,5 млрд сом болсо, 2025-жылы 52 млрд сомго жетип, 2,4 эсеге өскөн.
Ошондой эле 2026-жылдын 1-апрелинен тарта медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылып, бул максатта бюджеттен кошумча 18,5 млрд сом бөлүнгөнү айтылды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн бардык аймактарында медициналык кызматтардын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Шаар борборундабы же алыскы тоолуу айылдабы — ар бир жаран мамлекеттин камкордугун бирдей деңгээлде сезиши керек. Ар бир адам өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам алууга укуктуу», — деп белгиледи ал.
Анын айтымында, жаңы автоунаалар аймактардагы медицина кызматкерлеринин мобилдүүлүгүн жогорулатып, бейтаптарга жетүү убактысын кыскартып, алыскы аймактарда медициналык кызматтын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев медицина кызматкерлерине, өзгөчө алыскы жана тоолуу аймактарда эмгектенип жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, алардын кесиптик майрамын куттуктады.