www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатовдун маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Буга чейин Көлбаев менен байланышкан сүрөттөрү же мамилеси үчүн бир катар аткаминерлер кызматынан четтетилип, айрымдары кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылган.

Анан кандай эле мындай моралдык жоопкерчилик Кубатовго келгенде "шал" болуп иштебей калат. Кош стандарт мамиле коомду өнүктүрбөйт. Тескерисинче, ишенимди солгундатат.

Анткени, моралдык жоопкерчилик бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн бирдей иштеш керек. Мыйзам менен моралдык жоопкерчилик, кызматына же макамына жараша өзгөрүп, "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" деген түшүнүккө негизделбеши милдет.

Андыктан, Кубатов "ак карга" болуп суудан кургак чыкпоого тийиш. Эң кур дегенде иштен кетиши абзел.

Последние новости