www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (КР УКМК) жеке курамына ведомствонун төрагасынын милдетин аткаруучу Максат Асаналиевди тааныштырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Мамлекеттик комитеттин жетекчилигине жана кызматкерлерине кайрылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чечимин окуп берди жана жаңы жетекчинин алдында турган негизги мамлекеттик милдеттерге токтолду.
Ал УКМКнын ишмердүүлүгү өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, кызматкерлерден мыйзам чегинде, жогорку кесипкөйлүк жана жоопкерчилик менен иш алып барууну улантууну өтүндү.
Соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Максат Асаналиевге жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап, УКМКнын өздүк курамы мамлекеттин мыйзамдарын так сактоо менен өз милдеттерин ар-намыс жана кесипкөйлүк менен аткарарына ишеним билдирди.
Белгилей кетсек, УКМК төрагасы кызматына дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизилет.