www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары болду. 

Анда Тору-Айгыр айылындагы жаңы таза суу системасын ишке киргизүү аземи болду. Ал аткарылган иштердин сапатын жогору баалап, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү үчүн айылды суу менен камсыздоо инфраструктурасына инвестицияны улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан кийин Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо алдыдагы Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана уюштуруу иштерине арналган жыйын өткөрдү. Ал ат майдандын аянтчасын карап чыгып, негизги жерлерди тандоо боюнча тапшырмаларды берип, катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун эске алуу менен аларды даярдоо боюнча талаптарды белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында МинКаб Төрагасынын орун басары Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга мындан аркы иштерди координациялоо жана долбоорлордун өз убагында ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Последние новости