www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Тегерандагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Иранда жүргөн америкалык жарандарга коопсуздук кырдаалынын курчушуна байланыштуу өлкөдөн дароо чыгып кетүү боюнча эскертүү таратты.
Билдирүүдө өкмөттүк жардамга таянбастан, ар ким өз алдынча эвакуация планын даярдап алышы керектиги айтылат.
Элчиликтин маалыматына ылайык, эгер аба каттамдары токтотулса, Ирандан Армения же Түркия аркылуу кургактык чек арадан чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Ошол эле учурда АКШ жарандарынын кармалып калуу коркунучу жогору экени баса белгиленген.
Маалыматта америкалык паспортту же АКШга тиешелүү белгилерди ачык көрсөтүү камакка алынууга себеп болушу мүмкүн экени эскертилет. Өлкөдөн чыга албагандарга коопсуз жайда болуу, азык-түлүк, ичүүчү суу жана керектүү дары-дармектерди алдын ала камдоо сунушталды.
Бул эскертүү АКШ президенти Дональд Трамп Иранга карата “өтө күчтүү сокку болушу мүмкүн” деген билдирүүсүнөн кийин жарыяланды.
Мындан тышкары, АКШ Иран багытына USS Abraham Lincoln авианосеци баштаган аскердик кемелер жөнөтүлгөнүн маалымдады.