www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өткөн B5+1 бизнес-форумунда Эл аралык бизнес кеңешинин (МДС) аткаруучу директору Аскар Сыдыков Кыргызстандагы далилденген минералдык ресурстардын жалпы көлөмү 177 млрд. доллар деп бааланарын билдирди.
Сыдыковдун айтымында, өлкөдө 51 түрдүү 1020ден ашык кен жайы каттоодо турат. Бирок азыр алардын жарымынан азы гана иштетилип жатат.
- Далилденген минералдык ресурстардын жалпы көлөмү болжол менен 177 млрд доллар. Ал эми бүткүл регион боюнча 1-1,5 трлн долларга чейин жетет, - деди Сыдыков.
Форумдун алкагында МДС АКШ делегациясы, министрлик өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышкан бизнес-түшкү тамак уюштурду.