www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары А. Мусаев Франциянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси мырза Николя Фай менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө француз тарабы Кыргыз Республикасынын 2026-жылы Армения Республикасынын Ереван шаарында өтө турган COP21 конференциясына катышуусуна колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Анын ичинде биологиялык ар түрдүүлүк маселелери боюнча сайд-ивенттерди уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды. Ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоо жаатындагы кызматташтыктын келечеги каралды.

А. Мусаев биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди, анын ичинде Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Улуттук стратегия жана иш-аракеттер планынын (NBSAP) иштелип чыгышын белгилеп өттү. Ошондой эле Кыргызстандын тоолуу экосистемалары менен мөңгүлөрү климаттын өзгөрүшүнө өтө аяр экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин тастыкташты.

