www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү, элчи Эдуардс Стипрайс менен жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Кыргыз Республикасынын Европа Бирлиги менен болгон мамилелерин мындан ары чыңдоого берилгендигин белгилеп, эки тараптуу күн тартибинин кеңири чөйрөсү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Европа Бирлиги менен Кыргызстандын ортосундагы жигердүү жана конструктивдүү диалогду жогору баалаган Атайын өкүл Эдуардс Стипрайс ЕБ экономикалык, социалдык жана транспорттук өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле туруктуу өнүгүүнү чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар жогорку деңгээлдеги пландалган сапарларды жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган мүмкүн болуучу биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.

Атайын өкүл Э. Стипрайс Бишкек шаарына Европа Бирлиги – Борбордук Азия жарандык коомунун 6-форумуна катышуу үчүн келди.

Последние новости