www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик жер фондусуна таандык жалпы аянты 10 гектар болгон жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокурадан билдиришти. 

Тактап айтканда, 1999-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан эт-сүт багытындагы “А” фермердик чарбасына мамлекеттик жер фондусуна таандык жер тилкесин жеке менчикке берүү жөнүндө мыйзам талаптарына каршы келген буйрук кабыл алынган. Аталган буйруктун негизинде жер участогуна жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мыйзам бузуулар толугу менен жоюлуп, базар баасы 17 млн 831 миң 942 сомду түзгөн, жалпы аянты 10 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

 

Последние новости