www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Беларустун борбору Минск шаарындагы “Минск-Арена” маданий-спорт комплексинде КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чаранын расмий ачылышына Беларустун президенти Александр Лукашенко катышып, сөз сүйлөдү.

Андан соң, катышуучу өлкөлөрдүн спортчуларынын парады өттү.

Иш-чара ошондой эле шоу-программа менен коштолуп, спорттук оюндар өтүп жаткан шаарлар тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары 4-августтан 14-августка чейин Беларустун 11 шаарында өтүүдө. Ага спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышып жатат.

КМШ оюндарында Кыргызстандын намысын спорттун 17 түрү боюнча 200дөн ашуун спортчу коргоп жатат: (грек-рим күрөшү, бокс, оор атлетика, ок атуу, жеңил атлетика, жаа атуу, гандбол, баскетбол 3х3, эркин күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, самбо, тайбокс, заманбап спорттун беш түрү, көркөм гимнастика, мини футбол, каратэ-до, сууда сүзүү).

Мелдеш Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндары 2021-жылдын 4-сентябрынан 14-сентябрына чейин Татарстандын Казань шаарында өткөн. Оюндарга Кыргызстандын атынан спорттун 13 түрү боюнча 157 спортчу катышкан.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости