www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Улуттук тарых музейиндеги мумиянын Баткенге көмүлүшү боюнча президенттик аппараттын кабары болгон эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева билдирди. Анын айтымында, мумиянын көмүлгөнү тууралуу өзү да Интернеттен гана кабардар болгон. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

- Мен тарыхчы катары ичим күйөт. Башка өлкөлөрдө музейлерде мындай экспонаттар турса көкөлөтүп, сакташмак. Биздики болсо ушинтип салышты. Бизге бул боюнча маалымат жеткен эмес. Мен көмүлгөндөн кийин Интернеттен окудум, - деди Карыбаева.

Ошондой эле Мира Карыбаева учурда аны казып алуу боюнча аракеттерден майнап чыгарына ишенбей турганын кошумчалады.

Былтыр күзүндө Улуттук тарых музейинен баалуу тарыхый экспонат болуп эсептелген, Баткенде табылган мумияны коомдук активисттер алып кетип, көөмп салышкан соң музейдеги экспонаттардын сакталуу деңгээли кескин сынга кабылган. Илимий чөйрөнүн бир катар өкүлдөрү азыркы убакка чейин мумияны кайра музейге кайтарууну талап кылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости