www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
(Аңгеме
Жеңем дүйнө салды. Улуубуз он сегизде, кичүүбүз жетиге чыгайын деп калган. Бирок, окуй элек эле. Эки агабыз улуу. Андан кийин үч кыз катар болчубуз. Мен кыздардын улуусу он бештемин.
Боз үйдө апамдын жанына катар отуруп, ыйлап жатабыз. Түркүн аялдар келишет. Айрымдары "жеңе дебей апа деп ыйлагыла, ботом", - деп кетишет. Биз алая апамды тиктеп калабыз. Оозубуз канча жыл “жеңе” деп көнгөн, бүгүн кантип “апа” деп ыйлай алабыз. Же азыркы акылыбыз болсочу.
Буга чейин эле жеңем бизди төрөгөнүн ичибиздеги ала курт эчак билдирсе дагы, биздин чала түшүнүгүбүздө жеңе ушундай эле болчудай сезгенбиз го.
Андан бери канча бир мезгил өттү. Адамдар өзү кызык элебиз. Күндөрүбүз окшош эле өтүп жаткандай сезилет. Жапжаш келин болуп келип, окшош эле жумуш жасап, ошол үйдө эч өзгөрүүсүз кирип-чыгып жүрүп, бир күндөрү караса орто жашка жакындап калат. Дагы бир күнү ошол эле үйдө кирип–чыгып жүрүп картайып, кыймылы жайлап калганын байкабайт тура...
Баарыбыз үйлөндүк, жайландык. Бала-бакыралуу болдук. Бирок, ал күндөр эсибизден кетпейт. Жеңебиз бар, тамагыбыз даяр, кийимибиз жуулуу, мектепке жөнөсөк үтүктөлүү болчу. Керек болсо чачымды да апама караганда жеңем жакшы өрөт деп, ага өрдүрүп алчумун...
Жаман болдук, бир заматта сегизибиз апамды тегеректеп отуруп калдык. Апам аябай кайраттуу, кыйын аял болчу. Бирок, ошого карабай төшөккө жатып калды. Абысын – аажындары келип, урушуп, “белиңди бек буу, ушу кантип болсун”,- деп жатышты. Белек болсо, жер чукулап, көзүнө жаш толуп, башын көтөрбөй калды. Башкабыз жеңемди жеңе деп коюп, көп деле жабышчу эмес экенбиз. Белек жеңемди бучкактап, жанынан чыкчу эмес. Жеңемдин койнуна жатчу. Бирок, ал деле “жеңе” дечү. Жеңемдин кеткени аябай катуу тийди. Барыбыз чоңоё түшкөндөй болдук. Керек болсо ичкен чыныбызды ары түртүп койбой, топ ойноп, кошуна кыздар менен кара күүгүмгө чейин эшиктен кирбей жүгүрүп жүрчү экенбиз. Мойнубузга түйшүк түшүп, унчукпай үй оокатын кылып калдык...
Атабыз (чоң атабыз) эчак эле өлгөн экен. Бапайыбыз да биз кичирээк кезде эле көз жумган. Керек болсо кичүүлөрүбүз билип, билбей эле калышкан. Ошондо азыркы эң кичүү инибиз төрөлө элек. Бапайым өлгөндөн кийин бир төрт-беш айдан кийин жарык дүйнөгө келген. ”Бапай” деп, бизде, Сокулук, Ак-Суу тарап айтышат. Бапайыбызды деле, атабызды деле көп жакшы эстебейбиз. Тамдын боорунда тартылып турган килемде экөөнүн эски сүрөттөрү илинип турчу. Анан апам кез-кезде куран окуп, ал экөөнү карап, “аа өлүмгө жетпегирлер” -, деп койчу. Кийин ал экөөнүн сүрөтүнүн жанына жеңемдин жаш кезиндеги сүрөтү илинип калды. Боз үйдүн сыртына ким чыгарып келе калганын деле билбейм. Бул сүрөттү ким таап бергенин деле билбей. Байкуш жеңем, кийин сүрөткө деле түшкөн эмес экен... Жапжаш кезиндеги сүрөтү илинип турат.
Анан ошентип баарыбыз ушул эки аялды этектеп чоңоюп келе жаттык. Бири үйдөгү болгон бүткөн жумушту жасайт, экинчиси мал, талаа жумуштарын, эгин-тегин, картөшкө ж.б.менен алек. Анан базарга барып кой-козу, торпок-сорпок сатып келет. Ошентип эле баарыбызды чоңойтуп, ал эмес окутуп, чокутуп да койгон. Апамдын эки бир тууганы шаарда иштешчү.
Апам айтып калчу: “.....жанагы экөө турганда “жемпет” менен “палтекке” киресиңер “ дечү. Айткандай эле ошол апам айткан ”жемпетте”, теңи “палтекте” окуду. Мен эле университетте окудум. Кийин чечендик өнөр боюнча кандидаттык диссертациямды да коргодум. Байкуш жеңем биздин чоң окууда окуганыбызды да көргөн жок.
Кийин турмушка чыгып, баламды колума алган күнү жеңем эсиме аябай келет. Кантип ушул өзү төрөгөн балдарга бир ооз мен силердин апаңармын дебеди экен. Же ыйманы айттырган жок бекен. Же апаман корктубу? Ким билсин, эмне болсо да ал кездеги апалардын кайраты, туу туткан салттары, бири-биринен ийменүүсү укмуш эле го чиркин! Азыркыларды салыштырып отуруп таң каласын, жеңе дедирип көр.
Апам сонун адам эле, эстегенде сагынып кетем, алтын апам ай, баарын ойлоп, баарын эсептеп жашаган тура. Жаңы жыл келип, көчөдөгү балдар тособуз деп даярданып жүргөнүн көрүп келип, биз да апама жаңы жыл тосолу апа десек, “ Ээ өлүңдү көрөйүндөр жаткыла, эртең тособуз”,- деп койчу.
Чоң аял болчу. Денесин түптүз кармап басчу. Анысы карыганга чейин калган жок. Колуна таякты жеңем өлгөндө бир топ күн төшөктө жатып калып, тургандан кийин кармаган. Кер ооз сүйлөгөн абысыны бар эле. Аны апам жактырчу эмес. “Менин алты уулум, алты жагыман тирейт”, -деп сүйлөп турганын укчумун. Ал сөздөрдүн деле маанисин ал кезде кайдан билесиң.
Көрсө, ал сөз жалгыз уулун жерге берген байкуш апама жакчу эмес тура. Ошол абысыны ушул таякты алып келип берген. Анда да “бул менин эски таягым, балдарым жаңысын сатып берди”, - деп туруп, берген. Анда – санда таянчу, көпчүлүк учурда колун белине коюп, таякты да белине коюп алып түптүз болуп, даңкыя басчу.
Жылдар өттү. Менин да турмушум апамдыкына окшошту. Эрте жесир калдым. Ошондо апамды көп эстедим. Апам сегизибизди бир былк этпей багып чоңойткон экен. Мен үч баламды багам деп эмне гана кылган жокмун. Чын эле, мен апамдын бир кылганын кыла алганым жок, деп ойлодум.
-“ Баарыңарды тууруңарга кондуруп, өз алдыңарча жашап кеткениңерди көрүп өлсөм экен”,- деп айтаар эле.
Өзү айткандай баарыбызды үйлөнтүп, жайлантып, чайыбызды ичип анан кете берди. Эми арманым жок деп калчу. Баарыбыз жакшы жашоодо жашадык. Эң кичинекей инимди гана окуткан жок. Женем өлгөндөн кийин апам Белекти аябай эркелетип, бооруна жабыштырды.
-“Ай өлүмгө жетпеген шордуу келиним, ал өлгөндөн кийин мен деле өлүп калмакмын, ушул Белек тургузбадыбы, ушуну көрүп, туруп кетпедимби”,- деп калчу.
Каалаган күнү сабакка барбай коёт. Бирөө бирдеме десе апам чуркап жетет. Биз окусун десек, силер өзүңөр окуп эле кыйраткыла, мунун башын таза коём деп койчу. Базарга мал - сал сатканга да Белекти ээрчитип алчу. Келгенден кийин да акчаны ага санатчу. Пенсиясы келгенде да Белекке санатчу. Аның туура эмес санайт, санаганды билбейт деп күлчүбүз. Жок, апам ошонунун айтканын гана туура көрүп турчу. Кийин
апамдын ошол башын таза койгон уулу чоң бизнесмен болду.
Мезгилдин өткөнүн кара, баарыбыз чоңойдук. Билгизбей бизди турмуш далайга алып барды...
Балдарыбыз балалуу болушту. Апамдын эмгеги акталды. Бир эле өкүнгөнүм жеңем. Женем жеңе эле боюнча кете бергенине өкүнөм. Жок дегенде акыркы сааттары жакындап келе жатканда ар бирибизди бирдер чакырып, бооруна кысып, акыркы сөзүн айтып койсо эмне...
Мира Сыдыкбаева
Булак: NazarNews.kg